Биз менен байланышыңыз

Туризм күнүнө карата «Kyrgyz Tourism Awards» сыйлыгы тапшырылат

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 567 | 0

Бүгүн, 27-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү. Ушул датага байланыштуу бүгүн саат 15:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Kyrgyz Tourism Awards» атайын сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, Туризм департаменти төмөнкүдөй номинациялардын негизинде сынак жүргүзүп, жеңүүчүлөрдү аныктаган.

  • Туризмдин түрлөрү боюнча мыкты инновациялык долбоор;
  • Окуялуу туризм боюнча мыкты долбоор;
  • Кыргызстандагы мыкты туристтик компания;
  • Мыкты конок үй;
  • Мыкты мейманкана;
  • Мыкты туристтик комплекс;
  • Мыкты интернет долбоор;
  • Туризмди өнүктүрүү боюнча мыкты долбоор;
  • Мыкты дипломатиялык өкүлчүлүк;
  • Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай;
  • Туризмди өнүктүрүү боюнча мыкты аймак;
  • Туризмдин өнүгүшүнө салым кошкон мыкты жалпыга маалымдоо каражаты;
  • Өлкөнүн туризмин өнүктүрүүгө салымын кошкон туризм тармагындагы мыкты серепчи;
  • Мыкты гид;
  • Мыкты фотограф жана видеограф;
  • Мыкты курорттук мекеме;
  • Мыкты боз үй шаарчасы;

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM