Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз туризми» мамлекеттик ишканасы туризимди өнүктүрүүгө салым кошууда

Билим-маданият | 22 Июл 2019 | 855 | 0

Бүгүн маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымат жыйын өткөрдү. Министр Азамат Жаманкулов биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштерге токтолду. Ошондой эле, алдыда мерчемделген иш-чаралар менен тааныштырып, маданият тармагы өзгөрүүлөргө бет алганын айтты. Анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүү максатында «Кыргыз туризми» мамлекеттик ишканасы түзүлгөнүн маалымдады.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун билдиришинче, Чүй облусундагы Бурана мунарасы, Ак-Бешим, Невакет шаар чалдыбарлары жана Араван районундагы Сасык-Үңкүр маданий жайларынын корголуучу аймагы белгиленди. Бул иштер туристтик тармакты жакшыртуу максатында аткарылды. Маданий мурастардын жанына мейманкана жана тамактануу жайларын куруу үчүн корголуучу тилкесин аныктоо маселеси көптөн бери көтөрүлүп келе жаткан. Ошондой эле, тарыхый табылгаларды аныктоо максатында өлкө боюнча 80ге жакын археологиялык казуулар жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

— Туризм тармагы тууралуу айтсак, «Кыргыз туризми» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Азыркы учурда бардык облустарда туристтик карталар иштелип чыкты. Негизги топ куралган, учурда инвестициялык долбоорлорду иштеп жатат. Ар бир облустун атайын планы иштелип чыккандан кийин, инвестициялык баштыкчалар түзүлөт. Анын негизги милдети — инвестиция тартуу. Туризм департаменти өзүнүздөргө белгилүү болгондой, ийгиликтүү иштеп жатат.

«Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанга туристтердин келүүсү «Туризимди өнүктүрүү» программасында мерчемделген көрсөткүчтөн бир топ жогору», — деп билдирди Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу. Мындай жетишкендиктерге ээ болуу үчүн бир нече иштер аткарылган. Атап айтсак, буга чейин биздин мамлекет 45 өлкөгө визасыз режим киргизсе, учурда бул көрсөткүч 52 мамлекетке өсүп жетти.

— «Ачык асман» долбоорунун алкагында Кыргызстан тарабынан киргизилген, биздин өлкө аркылуу учабыз деген авиакомпанияларга шарттар түзүлүп берилген. Мунун негизинде, 4-июлда Шаржа-Бишкек авиакаттамындагы биринчи учакты тосуп алдык.  Андан сырткары, Ташкент-Тамчы, Ош-Тамчы, Алматы-Тамчы, Екатеринбург-Тамчы багытындагы авиакаттамдар ишке киргизилди. Ошондой эле, Ташкент-Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы, Алматы-Тамчы, Ташкент-Бишкек автобус каттамдары иштеп жатат.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун айтымында, өлкө аймагындагы райондук гезиттер жана жергиликтүү телеканалдар бириктирилип, медиаборбор түзүү мерчемделип жатат. Бул демилге өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда, өзүн актабаган гезиттер жабылып, 110 жумушчу орун кыскартылат. Мындай аракет өлкөнүн маалымат айдыңын мобилдүү жана эффективдүү иш алып барууга жеткирет.

— Кудай буйруса, реформа болгондон кийин, ошол жерлерде кабарчылардын пункттары ачылат. Аларды мамлекет тарабынан камсыздабайбыз. Бирок мобилдүү иш алып барабыз. Бул жагынан жеке маалымат каражаттарынан үлгү алсак болот. Экинчиден, райондук гезиттер айына эки жолу чыгат экен, азыр маалымат заманы. Бир саат мурунку маалымат эскирди деп эсептелет.

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер Нияздын пикиринде, Кыргызстан туристтик потенциалын толук колдоно албай жатат. Бул жаатта стратегиялык багыттагы иштерди күчөтүү зарыл. Ал эми туризм тармагын жакшыртуу максатында визасыз режимди жана «Ачык асман» долбоорун пайдаланууда биздин мамлекет үчүн пайдасы менен катар, коопсуздук жагын ойлончу маселелер да бар.

— Туризимди өнүктүрүүгө кандай шарттарды түзүп жатабыз? Маселе ошондо. Жөнөкөй эле мисал, ажаткана маселесин чечтикпи? Эгерде биз сан менен өлчөй берсек, ал бир күнү ылдый, бир күнү өйдө боло берет. Пансионаттарды, көл жээгин жеке менчикке ижарага берип, бир топ ыңгайлуу шарттарды түзүп алдык. Муну бардык жакта жайылтыш керек, анткени, Кыргызстанда кооз, туристтер келип көрө турган жакшы жерлер көп. Бул жагынан министрликтин бараандуу иштерин көрө элекмин.

Аталган министрликке караштуу туризм департаментинин билдирүүсүнө таянып айтсак, өлкө аймагына жыл башынан бери 1 миллион 628 миң чет элдик жаран кирген. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 7-10 пайызга көп.

Copyright © 2017 Maral FM