Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропорту 6 айда 1,7 миллиондой жүргүнчүнү тейледи

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 830 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту ушул жылдын 6 айында 1 миллион 694 миң 639 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Анын ичинде 588 миң 169 жүргүнчү ички авиакаттамдар менен учса, 1 млн 106 миң 470 жүргүнчү эл аралык авиакаттамдар аркылуу учкан.

Мындан сырткары, аэропорт 6 айда жүргүзүлгөн 14 миң 782 каттамды тейлеген. Анын 9 миң 629у эл аралык каттам, ал эми 5 миң 153ү Кыргызстандын ичиндеги каттам болгон.

Бул каттамдар аэропорттун Бишкек, Ош жана Ысык-Көл филиалдары тарабынан тейленген.

Copyright © 2017 Maral FM