Биз менен байланышыңыз

Орусияга каттамдардын санын көбөйтүү маселеси талкууланды

Кыска кабар | 22 мая 2021 | 1010 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусиянын Транспорт министрлигинин Федералдык аба транспорту агенттигинин жетекчиси Александр Нерадько менен эки өлкө ортосундагы туруктуу каттамдардын санын көбөйтүү маселесинн талкуулашты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы чартердик рейстердин жүгүртмөсү, Кыргызстандын «СOVID-19суз саякаттоо» мобилдик тиркемесине кошулуусун эске алуу менен жолугушууда ыкчам маалымат алмашуу жана Кыргызстандан Орусиянын шаарларына учуу географиясын кеңейтүү маселелери талкууланды.

Орус тарап жаңы коронавирус инфекциясы үчүн Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан ПЧР тесттеринин санын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM