Биз менен байланышыңыз

«Мюнхен» эл аралык аэропорту «Манас» аба майданын өнүктүрүүгө салым кошот

Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 787 | 0

Германиянын «Мюнхен» эл аралык аэропорту Кыргызстандын «Манас» аэропортунун инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча долбоорду биргелешип ишке ашырууга, аны менен катар Кыргызстандын эл аралык мейкиндиктеги оң имиджин илгерилетүүгө кызыкдар.

Мындай ой премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен «Мюнхен» эл аралык аэропортунун башкаруучу директору Ральф Гаффал баштаган делегациясынын жолугушуусунда айтылды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык колдоо бөлүмү кабарлады.

Германиялыктар «Манас» аэропортунун географиялык жайгашуу жана инфратүзүмдүк артыкчылыктарынын аркасында Кыргызстандын туризм жана ишкерликти өнүктүрүү потенциалы чоң экенин белгилешкен.

Жолугушууда «Манас» эл аралык аэропорту жана «Мюнхен» эл аралык аэропортунун ортосунда аба майданын Борбор Азиядагы кубаттуу аба транспорттук түйүнүнө айлантуу максатында сүйлөшүүлөрдү активдештирүү жана кызматташуунун оптималдуу багыттарын табуу тууралуу макулдашылды.

Премьер-министр туризмди өнүктүрүү жана өлкө аймагы аркылуу учуулардын географиясын кеңейтүү максатында Өкмөт бир жактуу тартипте бардык каалоочу авиакомпанияларга «Бешинчи даражадагы аба эркиндиги» укугу берилгенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM