Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропорту «Жылдын мыкты салык төлөөчүсү» деп табылды

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 571 | 0

Эл аралык «Манас» аэропорту «Жылдын мыкты салык төлөөчүсү» болуп табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Салыкчылар жыл ичинде салык төлөөдө активдүү кызматташкан мекемелерди кечээ аныкташкан.

Маалыматка ылайык, Эл аралык «Манас» аэропорту экономиканын өнүгүшүнө бараандуу салым кошкондугу, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда жигердүү катышуусу, 2018-жыл жана 2019-жылдын 5 айында салык мыйзамын абийирдүүлүк менен аткаргандыгы үчүн «Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү» деп табылган.

Бүгүнкү күндө «Манас» аэропорту өлкөнүн бюджетин түзүүчү мекемелерден болуп саналары билдирүүдө айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM