Биз менен байланышыңыз

28-апрелде польшалык дарыгерлер тобунун миссиясы аяктайт

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 574 | 0

28-апрелде Кыргызстанга 19-апрелде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) тарабынан COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн келген польшалык медициналык адистер тобунун миссиясы аяктайт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Учурда польшалык медициналык адистердин тобу өлкөнүн түштүк аймагында (Ош жана Жалал-Абад облустарында). Буга чейин топ Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада бир нече күн болуп, медмекеменин адистери менен биргеликте бейтаптарды дарылашкан.

Бүгүн аталган дарыгерлер тобунун жетекчиси Michal Madeyski мырзанын онлайн медиа-брифинги өтөт. Анда Кыргызстандагы ДСУнун өкүлү, директор Назира Артыкова менен биргеликте Кыргызстандагы миссиясынын жыйынтыгын чыгарат.

Copyright © 2017 Maral FM