Биз менен байланышыңыз

Эл аралык издөөдө жүргөн Райкуль Жапарова Польшадан кармалды

Кыска кабар | 26 мая 2020 | 996 | 0

«Интерпол» аркылуу эл аралык издөө жарыяланган кыргызстандык аял 22-майда Польшанын аймагынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Райкуль Жапарова Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде, Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу), 166-беренеси (алдамчылык) менен 221-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Ички иштер министрлиги тарабынан Райкуль Жапарова эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу издөөгө алынган.

Интерполдун маалыматы боюнча, Жапарова ушул жылдын 22-майында Польшанын аймагынан кармалган.

Учурда Башкы прокуратура тарабынан Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.

Ушул жылдын 11-февралында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкуль Жапарованын эл аралык издөөгө алынгандыгын маалымдаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM