Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы Айя-Софья музейин мечитке айландыруу чечими кабыл алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июл 2020 | 575 | 0

Түркиянын Стамбул шаарында Султан Ахмед мечитинин маңдайындагы Айя-Софьянын музей статусу жокко чыгарылып, мечит статусу берилди. Мындай жарлыкка өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган кол койду.

Маалыматка ылайык, Айя-Софья дин иштери боюнча башкармалыгынын көзөмөлүнө өтүп, мечит катары колдонулмакчы.

— Айья-Софьядагы алгачкы намаз 24-июлда окулат,— деди Эрдоган.

Айя-Софья алгач православ чиркөөсү, кийин мечит, андан соң дүйнөгө белгилүү музейлердин бири болуп келген. Айя-Софьянын ичинен мусулман динине тиешелүү да, христиан динине тиешелүү да сүрөттөрдү жана жазууларды көрүүгө болот.

Имараттын ичиндеги православдарга тиешелүү болгон мозаикалар эмне болору азырынча анык эмес.


Түркияда талашка түшкөн Айя-Софья жана анын таржымалы


Төмөндө Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Айя-Софьяга мечит статусун кайтаруу чечими кабыл алынгандөн кийинки элге кайрылуусу:

1931-жылга чейин Айя-Софья мечит катары колдонулган. Мечитти жабуу чечими чыккандан 3 жылдан кийин, 1934-жылы, Түркиянын министрлер кеңеши мечит статусун музейге алмаштыруу боюнча документ кабыл алган. Ошентип, 1935-жылы Айя-Софья көрүүчүлөрдү кабыл алып, музей катары иштеп баштаган.

Ататүрк Айя-Софьяны музей кылып, бул статуста аны биринчилерден болуп колдонгон. Ал эми Эрдоган музейди кайрадан мечит кылып, ал жерде алгачкылардан болуп намаз окумакчы. Түрктөрдүн көпчүлүгү Айя-Софьяны Султан Мехмедден калган эстелик жана анын аманаты катары эсептегендиктен түрк президентинин бул чечими тарыхта калып, рейтинг үчүн да оң таасирин берет. Эрдоганга, б.а. рейтинг чоң роль ойногон саясатчыга бул жагдай саясий упай жагынан гана эмес, жеке жактан да маанилүү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM