Биз менен байланышыңыз

Түркияда талашка түшкөн Айя-Софья жана анын таржымалы

Блог , Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 1173 | 0

Түркиянын Стамбул шаарында Султан Ахмед мечитинин маңдайында Айя-Софья музейи орун алган.

Айя-Софья алгач православ чиркөөсү, кийин мечит, учурда дүйнөгө белгилүү музейлердин бири болуп саналат. Анын ичинен христиан динине тиешелүү ар түрдүү сүрөттөрдү көрүүгө болот. 532-жылы император Юстиниан бузулган эски чиркөөнүн ордуна кыска мөөнөттө жаңы чиркөөнү курууга буйрук кылган. Бул ишти ишке ашыруу үчүн белгилүү математик Аментияны жана архитектор Исидораны бекиткен. Айя-Софья собору кылымдар бою христиан дининдегилердин ыйык жайы катары саналып келген. Чиркөөнүн курулушу 532-жылы башталып, 537-жылы бүткөн. Ошондой эле, 1453-жылы Константинополду каратып алган Осмон империясынын султаны Мехмед II (Фатих Султан Мехмет) чиркөөнү талкалабай, мечитке айландырууга буйрук берген. Бир кызык жери ошол реконструкция маалында имараттын дубалдарындагы христиан динине тиешелүү ар кандай оюм-чийимдер өчүрүлбөстөн, анын дубалдары сүрөттөрү менен кошо кайрадан шыбалган. Айя-Софьянын ичинен мусулман динине тиешелүү да, христиан динине тиешелүү да сүрөттөрдү жана жазууларды көрүүгө болот.

1931-жылга чейин Айя-Софья мечит катары колдонулган. Мечитти жабуу чечими чыккандан 3 жылдан кийин, 1934-жылы, Түркиянын министрлер кеңеши мечит статусун музейге алмаштыруу боюнча документ кабыл алган. Ошентип, 1935-жылы Айя-Софья көрүүчүлөрдү кабыл алып, музей катары иштеп баштаган.

Ошол убактан бери Түркиянын жарандары бир нече ирет Мамлекеттик кеңешке 1934-жылы министрлер кабинети кабыл алган чечимди жокко чыгарып, музейге мечит статусун кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Мамкеңеш ар кандай себептер менен бул кайрылууну кароодон баш тартып келген.

Эми маанилүү жаңылыкка келсек: Мамлекеттик кеңеш бул ирет 1934-жылдагы чечим боюнча арызды кабыл алып, аны жокко чыгаруу чечимин карап чыкмай болушту.

Жыйын 2-июлга белгиленди

Ушул убакытка чейин Айя-Софья маселеси саясий жактан чечилип келген. Башкача айтканда, жарандардын мечит статусун кайтаруу өтүнүчү, бардык талаптар, Мамлекеттик кеңештен юридикалык жагдайларга байланыштуу эмес, саясий себептерге жана бул тарыхый имараттын туристтик маанисине байланыштуу кабыл алынбай келген.

Түркиянын белгилүү юристтеринин айтымында, Айя-Софьяга мечит статусун берүү үчүн юридикалык жактан кыйынчылык жок, баары бул имарат түрк вакфынын менчиги деген багытты көрсөтүп турат. Ошондой эле, алардын айтымында, бардык бул башаламандык Эрдогандын бир кол тамгасы менен чечилиши мүмкүн.

Бирок, Айя-Софья саясий, тарыхый жана архитектуралык символ болгондуктан, бул чечим оңойго турбайт. Мындай чечим, айрыкча, сырттан олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошентсе да, балким, Эрдоган ички кырдаалда бул жагдай приоритеттүү болуп тургандыктан азыр музейди мечитке айландырууну эң туура учур деп эсептейт. Бирок, ал оңой жолду тандаган жок, ал эми аны юридикалык жактан бекемдөө үчүн биринчиден, укукка таянуу керек, экинчиден, элдин реакциясын жана бул чечимдин кесепеттерин алдын-ала билүү керек.

Ататүрк Айя-Софьяны музей кылып, бул статуста аны биринчилерден болуп колдонгон. Ал эми Эрдоган музейди кайрадан мечит кылып, ал жерде алгачкылардан болуп намаз окумакчы. Түрктөрдүн көпчүлүгү Айя-Софьяны Султан Мехмедден калган эстелик жана анын аманаты катары эсептегендиктен түрк президентинин бул чечими (эгер кабыл алса) тарыхта калып, рейтинг үчүн да оң таасирин берет. Эрдоганга, б.а. рейтинг чоң роль ойногон саясатчыга бул жагдай саясий упай жагынан гана эмес, жеке жактан да маанилүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, Айя-Софьяда Курандын окулушу өзгөчө окуя эмес. 29-майда Түркияда Константинополду каратып алуу күнү белгиленет. Басып алуунун башкы символу катары Ыйык Софья собору саналат. Буга байланыштуу жыл сайын аталган күнү Айя-Софьяда Курандан сүрөлөр окулуп турат.

Улуттук партиясынын жетекчиси Бахчелинин айтымында, эми Айя-Софьядан коңгуроолордун үнү эмес, намаз окууга чакырган азандын үнү жаңырып турат.

Түркиянын бардык мечиттеринде килемдер жайылып турганы белгилүү. Түркиянын тарыхчыларынын бири Твиттердеги баракчасында “Айя-Софья мечити үчүн атайын килемдер заказ кылынганын” жазды.

Түркиядагы музейлердин көрүүчүлөрү тууралуу расмий маалыматтарга баш багып көрө турган болсок, алгач Стамбулду өзүнчө алып көрөлү. 7 млн музейди кыдыргандардын 3 млн 727 миң 361и Айя-Софьяга келишет. Экинчи орунда 2 млн 354 миң 946 адамдын зыяраты менен Топкапы сарайы турат.

Айя-Софьяга болгон бир билеттин баасын эске алып, туристтерден түшкөн кирешени алып карай турган болсок, бир жылда бюджетке 268 млн 369 миң 992 түрк лирасы (≈$44 млн 728 миң. 332) түшөт.
Мындан ары жагдайдын кандай болорун болжоп айтыш кыйын. Дагы бир күтүлбөгөн сунуш тууралуу айтсак, кемалисттер партиясынын депутаты Айя-Софьянын маңдайында жайгашкан Султан Ахмет мечитин да музей кылуу сунушун киргизди.

-Менин оюм боюнча, Топкапы сарайы да, Ыйык София собору да, Султан Ахмед мечити да музей болушу керек,- деп билдирген Ибрагим Кабаоглу.

Түркиянын Тышкы иштер министри Чавушоглу Ыйык Софья соборунун Айя-Софья мечитине өзгөртүлүп катталган документин көрсөттү

Бул окуя 1462-жылы (Канстинополду ээлеп алгандан 9 жылдан кийин) болгон. Аталган сүрөттү көрсөткөн министр Ыйык София соборуна тиешелүү бардык чечимдер улуттук суверенитеттин маселеси экендигин айтты.

Албетте, Айя-Софья маселеси бир гана түрк ишине байланыштуу экендигинен эч ким күмөн санабайт. Бирок, бул чечим тышкы саясий сындарга кабылып, кесепетин көрсөтүшү, православдык чиркөөнүн мусулмандардын мечити болуп калганына же дүйнөнүн сегизинчи керемети болуп саналган Айя-Софья дүйнөлүк мурастан жекеликке өтүшүнө нааразычылыктар жаралышы мүмкүн. Бул учурда эң маанилүү маселе мозаика эмне болот деген суроо, анын боёп салышабы же башка жакка өткөрүп беришеби? Кандай болгон жагдайда да Айя-Софья мурункудай болбошу анык.

Чавушоглунун билдирүүсү, далил менен аргументтери Түркия өзү чечим кабыл алууга укуктуу экенин, Анкара бул маселеге олуттуу мамиле жасарын көрсөткүсү келди.

Түркиянын байкоочуларынын бири, өлкө Чыгыш Жер Ортолук деңизи боюнча православдык мамлекеттер Греция, Ливия, Орусия менен конфликт жаралып турган учурда, мындай маселе көтөрүлгөнү кызык болуп жатканын жазган. Башкача айтканда, автор азыркы учурда республика түшүп калган экономикалык кыйынчылыктардан элди алаксытуу гана эмес, Орусия, Греция менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү үчүн да колдонуп жатканын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM