Биз менен байланышыңыз

Муфтият коронавируска каршы түлөө өткөрдү (сүрөт)

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 988 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы коронавирус коркунучунан улам кудайдан амандык, тынчтык жана ооруп жаткандардын сакайып кетүүсүн тилеп түлөө өткөрдү. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага муфтий Максатбек ажы Токтомушев, муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана жергиликтүү жамаат катышкан.

Муфтий өз сөзүндө ата-бабалар бөөдө кырсыктан, ар кандай апааттардан, ооруга шыпаа берсин деп кан чыгарып, түлөө өткөргөнүн белгилеп, элдин амандыгын, биримдигин, мамлекеттин тынчтыгын, ооруп жаткандардын сакайып кетүүсүн тилеген.

— “Жараткан Алла Таалам башыбызга келген оор сыноодон жеңил өткөрсүн. Оорудан каза болгон мусулман бир туугандарыбызга бейиштен төр насип этсин. Илдеттен жабыр тартып жаткан мусулман бир туугандарга эртерээк шыпаа берип, дарыгерлерибизге күч кубат, элибизге аманчылык берсин”, — деди Токтомушев.

Муфтияттан кошумчалашкандай, түлөөгө бир бодо мал союлуп, анын эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жеринде таратылды.

Copyright © 2017 Maral FM