Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаев менен жубайы коронавируска чалдыкты

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 2359 | 1
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев жана анын жубайы коронавирус илдетине чалдыгышкан. Бул тууралуу жакын туугандарына шилтеме жасап 24.kg агенттиги жазды.

Анда айтылгандай, Өмүрбек Текебаевдин дене табы көтөрүлүп үйүндө жатат. Ал эми жубайынан коронавирус аныкталып, учурда Айгүл Текебаева ооруканада.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов пневмония коронавирус илдетинин өрчүшүп кетиши деп айткан эле.

Эске сала кетсек, Жогоку Кеңештин аппарат кызматкерлеринен жана көптөгөн депутаттардан коронавирус илдети аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM