Биз менен байланышыңыз

Боронов: Жогорку категориядагы медиктердин айлыгы 70 миңге чейин көтөрүлөт

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 1369 | 1

Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов медициналык билими бар жарандарды жумушка чакырды. Өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйынынын жүрүшүндө өкмөт башчы медиктер Саламаттык сактоо министрлиги менен келишим түзүп, иштеп баштоого мүмкүн экендигин билдирди.

Ал белгилегендей, жогорку категориядагы медиктердин айлык акысы 70 миң сомго чейин көтөрүлөт, андан кийинкиси категорияга жараша болот. Ошондой эле, жатакана, тамак-аш өкмөттүн эсебинен болот.

Жумуш орду Бишкек жана Чүй облусунун аймактарындагы ооруга чалдыккандарды дарылоо пункттарында болмокчу. Учурдан пайдаланып, азыркы тапта иштебей отурган дарыгерлерди, медайымдарды жана бардык медицина кызматкерлерине кайрылам. Азыр бизге пульмонолог, терапевт, реаниматолог, кардиолог, инфекционист дарыгерлер өтө керек. Өз ыктыяры менен каалоочулар болсо Саламаттык сактоо министрлигинин кадрлар бөлүмүнө бүгүнкү күндөн тартып кайрылууга болот, — деп блдирди премьер-министр Кубатбек Боронов.

Ал ошондой эле, медицина кызматкерлеринин айлык акысы өз убагында жана кечиктирбестен төлөнөрүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM