Биз менен байланышыңыз

Екатеринбургдан 218 кыргызстандык кайтып келди

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 698 | 0

Бүгүн, 7-июлда “Урал авиа каттамдары” авиакомпаниясынын Екатеринбург – Бишкек чартердик рейсин менен Орсиядан 218 кыргызстандык жаран кайтып келди, анын ичинде балдар да бар. Бул тууралуу Штабдан билдирди.

Чартердик рейс дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында президент жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдукка жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде түзүлгөн. Атталган каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандардан сырткары, Урал федералдык округундагы Жогорку окуу жайларынын студенттери жана коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүгө жардамга келе жаткан дарыгерлер, медайымдар мекенине кайтып келди.

Андан тышкары, бул каттам менен Башкы консулдуктун жарандык активисттери жана кызматкерлери тарабынан гуманитардык жардам катары, жалпы суммасы 4300 долларды түзгөн кычкылтек концентраторлорун жана жеке коргонуу каражаттары жиберилген.

Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM