Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Назарбаевди 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

Кыска кабар | 6 Июл 2020 | 726 | 0

Бүгүн 6-июлда, президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч президентин 80 жылдык мааракеси жана Казакстандын Борбор калаасынын күнү менен куттуктады, ошондой эле ага чың ден-соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине — тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, жакшы коңшулукту орнотуу жана бекемдөөдөгү жеке салымын дагы бир жолу белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM