Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы медкызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 469 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык кызматкерлерди кесиптик майрамы – Медициналык кызматкердин күнү менен куттуктады.

«Медициналык кызматкер кесиби ар дайым ардактуу жана сыймыктуу кесиптерден болуп келген. Сиздер адам өмүрүн жана ден-соолугун сактоо үчүн колдон келген жана келбеген нерселердин баарын аткарып, жардам кылууга умтуласыздар. Өз кезегинде бейтаптар сиздердин кеспкөйлүгүңүздөр жана мээримдүү мамилеңиздер үчүн ыраазычылык билдирип келишет.

Заманбап технологиялар жана алдыңкы медициналык жабдуулар сиздердин катышууңуздарсыз натыйжа алып келбейт, анткени, медицинанын негизги өзөгүн терең жоопкерчиликке жана билимге эгедер, атамекендик медицинанын мыкты салттарын өздөштүргөн адамдар түзөт.

Коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу абал медициналык кызматкерлерге көптөгөн жоопкерчиликти жана жүктү ыйгарды. Буга катар коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар саламаттык сактоо тутумунун мекемелеринин эскирген материалдык-техникалык базасына, кадрлардын жетишсиздигине жана жетишсиз каржыланышына байланыштуу топтолгон көйгөйлөрүн ачыктады. Орун алган бардык көйгөйлөргө карабастан, сиздер коронавирустук инфекциядан жабыркаган жарандарыбызга тийиштүү медициналык көмөк көрсөтүүнү улантып жатасыздар.

Сиздер үй-бүлө жана жеке иштериңиздерди экинчи планга жылдырып, кооптуу инфекцияга каршы күрөштүн алдыңкы чегинде турасыздар. Бардык кыйынчылыктарга жана жоготууларга карабастан, сиздер өз жаныңыздарды аябастан жана жеке кызыкчылыгыңыздарды ойлобостон оор күндөрү элибизге жардам көрсөтүүнү улантып жатасыздар. Сиздерге терең таазим. Биз муну эч качан унутпайбыз!»,- деп жазылат куттуктоо текстинде.

Copyright © 2017 Maral FM