Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев: Жаңы ачылган борборлордо бейтаптарды жаткыруу мүмкүн эмес

Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 1165 | 0

Жаңы ачылган борборлордо бейтаптарды жаткыруу мүмкүн эмес, алар амбулатордук дарылоого ылайыкталган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев айтты.

-Күндүзгү стационар борборлору пневмония же грипп илдетинин жеңил же орточо оор формасы менен жабыркап жаткан бейтаптарга сунушталат. Оор абалдагы бейтаптарды дарылоого мүмкүн эмес, себеби борборлор амбулатордук дарылоого ылайыкталган. Ал жерден кеңеш алууга, капельница жана дары-дармек алууга болот, — деди Түлөбаев.

Анын айтымында, күндүзгү стационарларда дарыгерлер кезектешип иштешет. Ошондой эле, борборлордун жанында дарыканалар ачылган.

Бишкекте 4 күндүзгү стационар борборлору ачылды. Дареги

Copyright © 2017 Maral FM