Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 4 күндүзгү стационар борборлору ачылды. Дареги

Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 1440 | 0

COVID-19 илдети жана пневмония менен ооругандардын көбү Бишкекте. Бирок ооруканаларда оор абалда жаткан бейтаптар көп болуп, орун жетишпегендиктен, бардыгын стационарга жаткыруу мүмкүн эмес, — деп билдирди Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев.

Анын айтымында, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү үчүн, борбор калаанын райондорунда 4 күндүзгү стационар борборлору ачылган. Алардын иштөө режими — саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин.

Бул борборлор төмөнкү даректер боюнча жайгаштырылган:

1. Ленин району – «Газпром» Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси, 90 койка-орун (Арча –Бешик ж/к);

2. Октябрь району – чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Магистраль боюнча), 140 койка-орун;

3. Биринчи май району – Спорт сарайы, 150 койка-орун;

4. Свердлов району – Р.Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси, 150 койка-орун.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM