Биз менен байланышыңыз

Дагы 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 369 | 0

Өткөн сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

— Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 4 бейтап (3 эркек — 64 жашта, 66 жашта, 69 жашта, 64 жаштагы аял);
— Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (60 жаштагы эркек);
— Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (80 жаштагы аял);
— Москва аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (35 жаштагы эркек);
— Токмок аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (59 жаштагы аял);
— Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (62 жаштагы аял);
— Кочкор аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (81 жаштагы эркек).

Коронавирус диагнозунан улам каза болгондордун жалпы саны 88 кишини түздү.

Бир сутка ичинде пневмониядан 26 бейтап каза болду.  Алардын ичинен 17си Бишкекте, калган 9 адам республиканын башка аймактарынан.

Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 177 адам.

Copyright © 2017 Maral FM