Өткөн сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.
— Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 4 бейтап (3 эркек — 64 жашта, 66 жашта, 69 жашта, 64 жаштагы аял);
— Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (60 жаштагы эркек);
— Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (80 жаштагы аял);
— Москва аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (35 жаштагы эркек);
— Токмок аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (59 жаштагы аял);
— Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (62 жаштагы аял);
— Кочкор аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (81 жаштагы эркек).
Коронавирус диагнозунан улам каза болгондордун жалпы саны 88 кишини түздү.
Бир сутка ичинде пневмониядан 26 бейтап каза болду. Алардын ичинен 17си Бишкекте, калган 9 адам республиканын башка аймактарынан.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 177 адам.