Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Орусиянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 415 | 0

Бүгүн, 3-июлда, президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Орусиянын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыктарды камтыган кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков ошону менен катар Владимир Путинге коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин, 2020-жылдын 1-июлунда Владимир Путинге Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшүнө карата куттуктоо телеграммасы жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM