Биз менен байланышыңыз

Ыктыярдуу медиктер тобу эки күндө 500дөн ашык бейтапка жардам көрсөттү

Блог , Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 1710 | 0

Акыркы он күн аралыгында коронавирус жуктургандар кескин көбөйүп, оору жугузуп алгандар ооруканаларга толуп, кайсы ооруканага кайрылуусун билбей жаткандыгын социалдык тармактардан билдиришүүдө. Мына ошол үйдөн дарыланып, бирок кимден, кантип ийне алууну билбей жаткандар үчүн 2 күн мурун журналист Тынчтык Алтымышев баш болгон ыктыярчылар соцалдык тармактардан «Ыктыярдуу медиктер тобун» түзүшкөн. Аталган топ эки күн аралыгында 500дөн ашык бейтапка жардам көрсөтүүгө жетишкен.

Тынчтык Алтымышевдин айтымында, социалдык тармактарда түзүлгөн топторго 40-50дөн ашык медайымдар менен 20дан ашык айдоочулар чогулган.

Ыктыярдуу медиктер тобу 24 саат боюу Бишкектеги бейтаптардын үйлөрүнө барып, ийне сайып, капельница коюп жардам берип жатышат, — деди Алтымышев.

Ал билдиргендей, 2 күн аралыгында социалдык тармактар аркылуу эле аталган топтун эсебине 120 миң сомдон ашык жардам түшкөн. Алар көбүнчө чет өлкөдө эмгектенген мигранттардан Орусиядан, Америкадан, Европадан жана жергиликтүү мекендештерден түшкөн. Ошондой эле ар түрдүү коргонуучу каражаттар, беткаптар жана медициналык каражаттар жана башка жардамдар келип түшүүдө.

Түшкөн каражаттар айдоочуларга күйүүчү май, медайымдарга коргоочу каражаттарды алууга жана алардын тамак-ашына жумшалууда. Ошол эле түшкөн каражаттар боюнча «Фейсбуктан» кимден канча түшкөнү жана кайда жумшалгандыгы боюнча маалыматтар чыгып турат.

Ошондой эле, бүгүн, 3-июлда «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков 150 орундуу медресени обсервация катары колдонууга «Ыктыярдуу медиктер тобуна» берип, учурда аны ачуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Мына ошол жаңы ачыла турган обсервацияга учурда ыктыярдуу айдоочулар, унаалар, дары-дармек жана дарыгерлер керек болууда.

Жаңы обсервация медресе болгондуктан койкалар жана төшөнчүлөрдүн баары даяр. Болгону гигиеналык каражаттар, коргонуучу кийимдер, дары-дармектер, дене табын өлчөөчү жана башка керектүү жабдыктарды сатып алсак эле кишилерди кабыл алап баштайбыз. Ошол жердеги бейтаптарга жана дарыгерлерге тамак-аштарды жасап берүү маселеси калат. Ушул жактан жардам беришсе жакшы болмок, — деди Алтымышев.

Учурда жалпы эле өлкөдө, өзгөчө борбор калаадагы эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Мындай учурда медайымдарга муктаж болгондорго жардам кылууну каалагандар төмөнкү эсептерге акча которуу менен жардам бере алат.

Реквизиттери: Элсом 0507272729;

банктык эсеп (Optima Bank VISA) 4169605192543523.

«Ыктыярдуу медиктер тобу» медициналык билимге ээ, турмуштун ар кыл жагдайынан улам убактылуу иштебеген ыктыярдуу дарыгерлерге акы да төлөп беришет. Көмөктөшүүнү каалаган жарандар төмөнкү ссылкалар менен кирип кошулса болот.

https://t.me/joinchat/HTSmkhW49E_m7LfvdZrL3g

https://chat.whatsapp.com/GKUbcAVwcV0IFRJhzVSscV

Copyright © 2017 Maral FM