Биз менен байланышыңыз

Бишкек: такси кызматтары дем алыш күндөрү иштейт

Кыска кабар | 2 Июл 2020 | 960 | 0

Бишкек шаарында такси кызматтары дем алыш күндөрү иштешет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аларга санитардык нормалар так сакталган шартта иштөөгө уруксат берилген.

«Дем алыш күндөрү коомдук транспортту чектөө жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөрдү борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова киргизген.

Муниципалитет айдоочулардан суук тийүү, саксык тумоо жана башка оорулардын белгилери менен ишке чыкпоону жана коргоочу беткаптарды тагынып, антисептиктерди колдонууну өтүнөт.

Унаанын ичи таза жана такай желдетүү жүргүзүлүп турушу керек.

Ошондой эле, жүргүнчүлөр да санитардык нормаларды сактап, жеке коргонуу каражаттарын алып жүрүүгө тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM