Connect with us

Шаматов: кыргызстандык мугалимдер да эл аралык деңгээлге чыгышы керек

«Эч кандай билим берүү системасы ошол системада иштеген мугалимдердин сапатынан жогору боло албайт» деген учкул сөздүн маанисин талдап көрсөк, мугалимдердин сапаты билим берүү сапатынын көрсөткүчү. Мугалимдер жаштарга билим жана тарбия берүүчү инсандар экени талашсыз. Чын, билим сапаты мугалимдин профессионалдык деңгээлинен көз каранды. Мугалимдер күчтүү болсо, өлкөнүн өнүгүп бакубат болуусуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Ал эми билим деңгээлинин төмөндүгү мамлекет ичиндеги саясий, экономикалык жана руханий маселелердин төмөндөшүнө таасир этиши мүмкүн. Керек болсо мамлекеттин коопсуздугу менен көз карандысыздыгы да билим берүү сапатына байланыштуу.


Казакстандын Назарбаев университетинин жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов «Марал» радиосунун Күн чабыт» программасында конокто болуп, мугалимдердин аброю, алардын кадыр-баркын жогорулатуу маселелери боюнча суроолорго жооп берди.

—  Өлкөдө мугалимдердин билим сапатынын көрсөткүчү кандай?  Билим сапатын 1-10 чейинки балл менен баалай турган болсок, кандай баа берер элеңиз?

—   Кыргызстандагы мугалимдердин деңгээлине 5-7 баллдын тегерегинде баа берет элем. Анткени биздин мыкты окутуучуларыбыз көп. Бизде өнүгө турган потенциал бар.

— Пандемиядан улам чукул түрдө онлайн окутууга өттүк. Бул жагдайга Кыргызстандын мугалимдеринин даярдыгы бар беле?

— Пандемия дүйнөгө келген апаат болду. Ошондуктан бир гана Кыргызстада эмес, буга дүйнө жүзүндөгү мугалимдер даяр болгон жок. Бизде III чейректен кийин окуучуларга эс алуу жарыяланып, мугалимдер аз да болсо онлайн билим берүүнүн шарттарын өздөштүрө алды. Мен кыргызстандык мугалимдерге абдан ыраазымын. Алар пандемия башталгандан бери окуу процессин үзгүлтүккө учуратпастан, окуу программасын акырына чейин аткара билишти. Жаш курагына карабай жаңы көндүмдөрдү үйрөнүштү. Пенсия жашында болсо да аракет кылган окутуучуларды көрүп абдан сүйүндүм. Эми мугалимдер топтогон тажрыйбасынын негизинде өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө кайрадан анализ жүргүзүп, сапаттуу дистанттык окутуу жана окуучуларды баалоону өздөштүрүшү керек. Карантин убагында ата-энелер окутуучулардын баркын аз да болсо сезе алды.

— Негизи, кандай адам мугалим болушу керек? Кыргызстанда көпчүлүк учурда педагогика факультетине жалпы республикалык тестирлөөдөн аз балл алгандар, башка окууга өтпөй калгандар тапшырат…

— Мугалим берешен болушу керек. Ал өзүнүн билимин башка бирөөдөн аянбаган жоомарт адам болууга тийиш. Экинчиден, билимдүү, үчүнчүдөн, принциптери менен аткарган иши дал келүүсү кажет. Окуучуларга айткандарын биринчи өзү турмушта ишке ашырышы зарыл. Айткан сөзү менен кылган иши дал келбей турса, болбойт. Эң негизгиси, мугалим жасаган ишине берилип, андан рахат алып, кыйынчылыктарга карабастан ар бир окуучуга билим берүүгө аракет кылышы шарт. Кара курсактын камын көрбөстөн, элдин камын ойлошу керек.

— ЖРТдан жогорку балл алган абитуриенттерди кантип педагогика факультетине кызыктырсак болот? 

— Тилекке каршы, учурда көпчүлүк мыкты жаштар, Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алгандар мугалимдик кесипти аркалабай калышты. Бул көйгөдү жоюу үчүн комплекстүү иш алып баруу кажет. Керек болсо, башталгыч класстан тарта  мугалимдин кадыр-баркын, турмуштагы ролун түшүндүрүү маанилүү. Ал эми коомчулук «жолун таппай калгандар мугалим болот» дебей, Кыргызстанда окутуучулук кесипти даңазаласак, натыйжа чыкмак. Мыкты балдар «мугалим болуп, өлкөгө салым кошом» десе, мындан да жакшы болмок. Мени өкүндүргөн нерсе — ЖМКлар, кинолордо мугалимдик кесиптин жалгыз гана жаман, терс жактарын көрсөтөт. Айталы, бир жерде окуучулар уруша кетсе, окутуучу жаман иш жасаган болсо, ошону гана коомчулукка көрсөтөбүз. Алсак, Казакстанда ЖМКларда мугалимдер тууралуу дээрлик терс жаңылыктар жазылган. Мындай кабарды окуган бүтүрүүчү, эмне үчүн мугалим болсун? Ошондуктан, ар бир тармакта, кинолордо да мугалимдик кесиптин жакшы жактарын ачып берсек. Кыргызстанда мыкты мугалимдер көп. Бирок аларды жалгыз гана мугалимдердин майрамында же болбосо 25-май акыркы коңгуроодо гана эстейбиз. Башка убакта аларды мамлекеттин буйругун аткарган адам катары көрөбүз. Тилекке каршы, ЖМКларда окутуучуларды мыскылдаган да маалыматтар кездешет.

— Айылда мугалимдердин квалификациялык деңгээли төмөндөп кеткени айтылып эле келет. Мындан сырткары, аймактык университеттере аралыктан окууга тапшырат да, мугалим болуп иштей берет. Мектептер да окутуучулар жетишсиз болгондуктан дипломду сатып алган мугалимдерди кызматка алууда. Бул көйгөйдү кантип жоюуга болот?

— Шаарга келип билим алгандардын арасында кайра өзүнүн айылына барган адамдар өтө аз. Көпчүлүк эптеп шаарда калып калууну самайт. Айыл жергесине аргасыздан баргандар көп болууда. Мындан улам, кирди-чыкты мугалимдер иштеп жаткан учурлар кездешет. Алсак, бул маселени чечүүгө айыл өкмөт башчылары да катышса болот. Алар мыкты бүтүрүүчүлөрдү педагогика факультетине тапшырууга үндөп, керек болсо, окуу акысын төлөөгө көмөктөшүп, келишимдерди түзсө, окууну аяктап келгенде да шарт түзүп, шыктандырышса… Учурда биз каалабасак да «шаарда калсаң ийгиликтүүсүң, кайра айылга кетсең ийгиликсиз адамсың» деген ураандарды берип коюп жатабыз. Мындан сырткары, менин изилдөөмдө белгилүү болгондой, айылга барган жаш окутуучуну ошол жерде иштеп жаткан аксакал мугалимдер «сен неге келдиң, шаарда эле кала бербейт белең, айылдагы мектепти бизге эле таштап кой» дегендей сөздөр менен жеришет. Бул жерде саат талаш маселеси болуп жатат. Бирок аксакал мугалимдер жакында пенсияга кетет. Окуучулардын билимин баалоо багытында иш алып барган PISA эл аралык тестирлөөсүнүн жыйынтыктарын карасак, Бишкек менен айыл жергесиндеги окуучулардын билим деңгээлинде кескин айырмачылык байкалат. Эгерде, Кыргызстанда ден соолугу чың коомду кура турган болсок, анда билим ажырымы аз болушу зарыл. Мүмкүн болушунча, айыл жергесинде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керек.

— Акыркы жылдары гана мугалимдерди шыктандырып, аларга мотивация берген семинар, тренингдер жандана баштады. Мындай иш-чаралар канчалык пайдалуу жана аларды уюштурууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу зарылбы? Балким, окутуучуларды сындагандын ордуна бар болгон мугалимдерди шыктандыруу керек чыгар? 

— Мугалимдерге ар дайым колдоо керек. Мындайда «мен силерге үйрөтөм, экспертмин» дебестен, мугалимдер эмнени үйрөнүүнү каалай турганын сурашыбыз керек. Кээде алардын оюн укпай «силер ушуну үйрөнгүлө» деп таңуулагандай мамиле жасалат. Бул туура эмес. Окутуучунун чыгармачылыгын баалабай, ал үчүн башка бирөө даяр маалыматтарды алып барып, «силер эч нерсени ойлонбогула, ушуну аткаргыла» десе, анда мугалимдин автономиясы жок болот. Биз алардын чыгармачылыгын ыйык нерсе катары карап, ага тийишпесек… Семинарларды министрлик, жергиликтүү билим берүү башкармалыктары менен кошо системалуу түрдө алып баруу кажет. Ошол эле учурда демилге окутуучулардын өзүнөн чыгышы керек, бул абдан маанилүү. Ал үчүн мугалимдер менен баарлашып, алардын муктаждыгына жараша семинар, тренингдерди уюштуруу абзел. Кандай гана иш болбосун, ал изилдөө, сурамжылоонун негизинде башталса, пайдалуу болот.

Тилекке каршы, азыркы учурда мугалимдердин статусу абдан төмөндөп кеткен учур. Коомчулукта негизинен мугалимдердин жетишпеген жактары сынга алынып, массалык маалымат каражаттары аркылуу көбүнчө терс жактары чагылдырылат. Бул көрүнүш азыркы жаштардын мугалимдик кесипти тандоосуна бөгөт койгону талашсыз. Балким, мугалимдердин аброюн көтөрүү максатында мыйзамдар иштелип чыкса, мугалимдик кесипти тандагандардын саны артмак. Ошону менен биздин адистер алдыңкы өнүккөн мамлекеттерде барып окуп келип, биздин системага тажрыйбасын жайылтса жакшы болмок.  Өлкөдө билим берүү сапатын оңдоо туралуу концепция кабыл алынышы керек. Келечегибизди билимдүү жаштар менен камсыздай алган болсок, өлкөбүз башка мамлекеттер менен тең ата болуп мамиле жасай алат.

— Өлкөдө мугалимдер кагаз иштерине да көп убакыт коротору маалым. Кагаз иштери менен алектенип жатып, алардын чыгармачылык жөндөмдөрү ойгонбой калышы мүмкүнбү? Отчет берүүнүн заманбап ыкмасын колдонууга убакыт келген жокпу? 

— Бул жалгыз гана Кыргызстандагы эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги көйгөй. Бул неолибералдык, глобализация, базар экономикасына байланыштуу мугалимдерге талап коюп, атайын стандарттарды киргизип, ар кандай очётторду талап кылуу менен байланыштуу. Бирок ал мугалимдин чыгармачылыгы жөнүндө эмес, кагаз иштери тууралуу. Бул жөнүндө педагог-новатор Василий Александрович Сухомлинскийдий айткандай, мугалимдер чыгармачылык менен иштеш үчүн аларда өзүнчө бош убакыт болушу керек. Ал эми канадалык илимпоз белгилегендей, мугалимдер ар кандай талаптардын негизинде чыгармачылыктан алыстап кетсе, алардын адистиги жоголот эптеп жогорудан түшүрүлгөн буйрукту гана аткарып калышат. Отчет жазууга кеткен убакыт чыгармачылыкты өнүктүрүүгө коротулушу талап кылышыны керек. Ошондо мугалимдер отчет толтурууга караганда окуучуларга чыгармачылык менен сабак берүүнү биринчи орунга коюшат. Тилекке каршы, биз «канча видео сабак өтүп, презентация жасадыңар» деп отчет талап кылып, көптөгөн окутуучуларды кыйнап койдук. Айрым учурда мугалимдерди урматтоо унутулуп калган сыяктанып кетет.

— Кыргызстандагы мугалимдердин эң чоң кемчилиги жана артыкчылыгы катары эмнелерди айта аласыз?

— Пандемия учурунда мугалимдердин аракетин көрүп аябай ыраазы болдум. Бири-бири менен тажрыйба алмашып, интернеттен үйрөнүп, видеосабактарды өтүүгө дилгирлик менен аракеттеништи. Ал эми кемчилик катары, билим берүүдө көбүрөөк эл аралык тажрыйбадан сугарылышса… Кээде окутуучулар кыргыз, орус тилинин чегинде гана жүрө беребиз. Чет тилдерди билген мугалимдер интернеттен түрдүү методикаларды талдап, дароо колдонсо болот. Окутуучулага айтарым, Кыргызстандын чегинен чыкпай жүрө бербестен чет тилдерди үйрөнүп, кесиптик өнүгүүгө маани берип, өзүнүн үстүнөн иштесе жакшы болмок.

— Эл аралык сынактарга катышууда кыргыз мугалимдери канчалык активдүү? Мындай өнөктүктөр алардын статусун жогорулатууга салым кошобу? 

— Мугалимдин статусун жогорулатуу өтө маанилүү маселе. Ар кандай мамлекеттерде жана эл аралык деңгээлде мугалимдин статусун жогорулатуу аракеттери болуп жатат. Мына ошондой аракеттердин көрүнүктүү эки мисалын келтирейин. Биричиси — мугалимдердин аброюн көтөрө турган изилдөө ТАЛИС (Teaching and Learning International Survey, TALIS) болуп саналат. ТАЛИС 2008-жылдан бери ар бир беш жылда өткөзүлөт. Ал мугалимдердин мектепте иштөө шарттарын жана билим берүү чөйрөсүн изилдейт. Изилдөө мектеп билим берүү саясатын калыптандырууга, өз салымын кошууга шарт түзөт. Изилдөөгө мектеп мүдүрлөрү менен мугалимдер катышат. Бирок буга Кыргызстан катыша элек. Дагы бирөөсү Варки фонду (Varkey Foundation) 2013-2014-жылдан бери уюштуруп келе жаткан Глобалдык мугалимдер сыйлыгы (Global Teacher Prize). Бул сыйлыкты журналисттер мугалимдер арасындагы Нобель сыйлыгы деп атап коюшту. Бул сынакка дүйнөнүн булуң-бурчунан мугалимдер катыша алат жана жеңүүчү болгон мугалимге 1 миллион доллар акчалай сыйлык тапшырылат. Ошондой эле мыкты 50 жана мыкты 10 мугалимдер тизмесине киргендерге да атайын баалуу сыйлыктар берилет. Бул сынактын негизги максаты мугалимдердин статусун жогорулатуу. Бул сынакка КРден 2013-жылдан бери эч ким катыша элек. Бул жерде сынак тууралуу маалымат аз болууда. Муну колго алсак, биздин балдар өлкөнүн гана эмес, жалпы дүйнөнүн мыкты атуулу болсо… Ошондо КРдин да зоболосун көтөрмөкпүз.

— Ошол эле учурда мектеп директорлорун дайындоодон мурун аларды менеджерлик курстарга окутса кандай болот? Анткени бул да замандын талабы болуп турат. Анткени айылда болобу, шаарда болобу жакшы жыйынтык көрсөтүшү үчүн мыкты башкаруучу керекпи?

— Директор дайындоодо көбүнчө ошол мектептеги кадыр-баркына карап тандайбыз. Бирок директордун менеджердик, уюштуруучулук, башкалар менен тил табыша билүү, маселени чечүү жөндөмдүүлүгү, финансылык, педагогикалык лидерлигине маани берип, керек болсо, атайын окутуудан өткөрүү зарыл. Иш алып барууда мектеп жетекчилеринин заманбап теориялары бар. Алсак, камчыны алып алып коркуткан адам жетекчи эмес, билимдин сапатын жогорулатууга үгүт берүүчү лидерлерди даярдоодо атайын курстарды иштеп чыгуу багытында аз да болсо аракеттер жасалууда.

— Мындан сырткары, окуучуларынын арасында «Мен мугалим болом» деген темада эссе конкурсун уюштуруп келесиз. Жаштар мугалим болууну самайт бекен?

— Бул саамалыкты уюштуруу менен бардык окуучулар мугалим болуп калысын дегенден алыспыз. Бирок алар окутуучулук кесиптин жакшы жактарын түшүнүп, ачып берсин дедик. Анткени КРда жаштарды кесипке багыттоо боюнча маалымат берип, түшүндүргөндөр аз. Алдыда республикалык денгээлде 9-10-11-класстын окуучуларынын ортосунда «Мен мугалим болгум келет» деген конкурс уюштурабыз.

— Мазмундуу маегиңизге ыраазычылык билдиребиз. Бар болуңуз, агай!

Copyright © 2017 Maral FM