Биз менен байланышыңыз

Индияда чагылгандан 110 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 848 | 0

Индиянын Бихар жана Уттар-Прадеш штаттарында 25-июндагы чагылгандын кесепетинен 110 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Жаратылыш кырсыктары менен күрөшүү департаментине шилтеме берип жазды.

Ошондой эле, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 32 адам жабыркап, ооруканага жаткырылды.

Премьер-министр Нарендра Моди каза болгондордун жакындарына көңүл айтып:

Катуу жаан жана чагылгандан Уттар-Прадеш жана Бихардагы айрым райондордо бир нече адам каза болгону тууралуу трагедиялуу маалымат түштү. Штаттардын өкмөтү жардам берүү боюнча ыкчам иштеп жатышат, — деп жазды Twitter’деги баракчасына.

Аталган штаттардын жетекчилиги билдиргендей, каза болгондордун туугандарына 400 миң рупийден төлөнүп берилет. Жашоочуларга туруксуз аба ырайында үйдө болуу керектиги эскертилди. Ошондой эле аталган аймактарда катуу жаан жаашы күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM