Биз менен байланышыңыз

Монголияда башкаруучу партия парламенттик шайлоодо жеңишке жетишти

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 428 | 0

Акыркы жыйынтыктарга караганда бүгүн, 25-июнда, Монголиянын башкаруучу партиясы парламенттеги көпчүлүк добушка ээ болуп, шайлоодо жеңишке жетишти.

Учурда Монгол Элдик партиясынын (МЭП) премьер-министри Хурелсух Ухнаанын алдында экономиканы кармап калуу милдети турат. Анткени ишкерлер вирустун жайылышын жана чек аралардын жабылышын ооздуктоо чаралары менен күрөшүп жатышат. МЭП мыйзам чыгаруу бийлигиндеги 76 мандаттын 62ине ээ болот.

Оппозициялык маанайдагы Демократиялык партия (ДП) шаршембидеги добуш берүүдөн кийин 11 мандатка ээ болду. Эки жаңы партиянын көз карандысыз талапкерлери калган орундарды ээлешти. Монголиянын шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоонун жыйынтыгын бүгүн ырастайт.

БШКнын маалыматы боюнча, парламенттик шайлоого шайлоочулардын 73,64 пайызы катышты. Бул 2016-жылдагы көрсөткүчкө караганда 1,54 пайызга жогору.

Оңчул шайлоочулар коалициясы жана «Сиздин жана биздин коалициябыз» партиялары парламентте бирден орунга ээ болушту. Монголиянын мурунку премьер-министри Норов Алтанхуяг, парламенттик шайлоого көз карандысыз талапкер катары ат салышып, бир орунга ээ болду.

Copyright © 2017 Maral FM