Биз менен байланышыңыз

Кытайда бир сутка ичинде 27 адамдан коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2020 | 436 | 0

Кытайда соңку бир сутка ичинде 27 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комитетине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ошондой эле, 12 бейтап оорудан сакайып чыкты.

Маалыматка ылайык, вирус жуктуруп алган 27 адамдын 22си Пекин шаарынан аныкталган, 1 адам Хубэй провинциясынан, дагы 4 адам сырттан келгендерден аныкталган.
Коронавирустун очогу болгон Кытайда вирустук инфекция башталгандан бери жалпы 83 миң 352 адам вируска кабылган. 78 миң 410 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Мындан тышкары, 308 бейтап COVID-19 диагнозу менен ооруканада дарыланып жатат. Ал эми коронавирустан көз жумгандардын саны 4 миң 634.
Дүйнө боюнча вирусту жуктургандардын саны 8,75 миллиондон ашты.

Copyright © 2017 Maral FM