Биз менен байланышыңыз

Авариялык абалдагы 45 мектепте курулуш улантылууда

Өлкө аймактарындагы авариялык абалдагы 45 мектепте курулуш иштери улантылууда. Ал эми 47 мектепте долбоордук документтер даярдалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен авариялык абалдагы 16 мектепте курулуш иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары, Бүткүл дүйнөлүк банк 40 мектептин курулушун каржылоосу күтүлүүдө.

  • Сауд Өнүктүрүү фондунун эсебинен 30 млн долларга (насыя) 27 мектепте курулуш жүрүүдө. Жыл соңуна чейин 5 объектинин  курулушу аяктайт. Учурда 8 мектепте жер казуу иштери жүрүп жатса, 23 объектиде пайдубал куюлуп, 6 мектепте дубалдар көтөрүлүүдө.
  • Бүткүл дүйнөлүк банктын эсебинен 10 млн доллар бөлүнүп, 10 меткептин курулушу боюнча долбоорлоо иштери жасалууда. Буга кошумча мектетердин курулушуна 45 млн доллар бөлүп берүүгө сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бул маселе ЖКнын профилдук комитетинде каралып, макулдашылды.

-Мындан сырткары, чет элдик кайрымдуулук фонддору бала бакча, мектептерди куруп берген фактылар бар. Ысык-Көл өнүктүрүү фонду да билим берүү мекемелерин курууга көмөк көрсөтүүдө. Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттын эсебинен 15 мектептин курулушу жүрүп жатат. Ага 888 млн сом сарпталат. Учурда 284 млн сом каржыланды. Бул багытта жаңы окуу жылына чейин 3 мектептин кулулушун бүтүрүү пландалууда, — дейт Бөрүбаев.

Белгилей кетсек, өлкөдө 245 мектеп авариялык абалда.

 

Copyright © 2017 Maral FM