Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Быйыл битир-садака аз топтолду

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 1028 | 0

Бүгүн, 11-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жыл сайын чогултулуучу садака-битирден жыйналган акча каражаттарды арыздардын негизинде колунда жок жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратып берди.

Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиевдин айтымында, учурдагы кырдаалдан улам өткөн жылга салыштырмалуу садака-битир аз топтолду. Муфтият жарандардын социалдык абалын эске алуу менен садака-битир алуу үчүн келгендерди түзүлгөн тизменин негизинде кезек-кезеги менен 3 топко бөлүп, ал атайын түзүлгөн коммиссиянын негизинде таратыла турганын белгиледи.

  1. Жардамга муктаж, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптарга (2500 сом, 10 кг ун)
  2. Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө (2000 сом, 10 кг ун)
  3. Батирде турган, үй-бүлөлөлүк социалдык абалы начар жарандарга (1500 сом, 10 кг ун) сом өлчөмүндө таратылып берилди.   

Бул жылы КМДБга садака-битир алуу үчүн 300дөн ашуун жаран арыз менен кайрылган. Алардын баарына этабы менен бөлүштүрүлүп, биринчи этабында 70 жаранга тапшырылып берилди.

Өлкө боюнча 2020-жылы битир-садакадан 9,595 528 сом жыйналган. Бул каражаттын 40 пайызы 4, 035 763 сом Муфтияттын эсептик счётуна келип түшкөн. Ал эми 50 пайызы 4, 790 804 жергиликтүү мечиттерде, 10 пайызы 944020 сому облустук казыяттарда калган.

Copyright © 2017 Maral FM