Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 15-июндан тарта эл аралык каттамдар жанданат

Кыска кабар | 4 Июн 2020 | 1881 | 0

Кыргызстан эл аралык авиакаттамдарды 15-июндан тарта жандантууну пландоодо. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, учурда иш-аракеттер алгоритми макулдашылып жатат.

Мүмкүнчүлүгүнө жараша ар бир авиакомпания качан жана канча жолу каттамдарды ишке ашыра ала турганын, даталарын сунуштоодо, — деди Курманбек Акышев.

Акышев билдиргендей, азыркы учурда эл аралык каттамдардын жүгүртмөсү жана учуулардын жыштыгы иштелүүдө. Алдын ала алгоритмге ылайык, жумасына 16-17 каттам, күнүнө 2-3 каттам уюштуруу пландалып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM