Биз менен байланышыңыз

Пандемиядан кийин күтүлгөн өзөктүү өзгөрүүлөр

Блог | 2 Июн 2020 | 375 | 0

COVID-19 вирусунун башталышы менен дүйнөдө жаңы тартип пайда болду. Эл аралык серепчилер пандемия II Дүйнөлүк согуштан кийинки адамзатка келген эң чоң сыноо экенин айтышууда. Ага ылайык, саясатта да, укуктук нормаларда да, технологияда, билим берүү жана бизнес тармагында да чоң өзгөрүүлөр болорун жана ага мамлекет катары ар бир өлкө даяр болуусу керектиги күтүлүүдө.

Дүйнөлүк тартип жана жакынкы тарых

СССРдин кулашы менен дүйнө бир уюлдуу саясатка өтүп, АКШнын гегемониясы артында дүйнөлүк жаңы тартип орногон. Анын эң эле жөнөкөй мисалы катары, Бреттон-Вудс акча жүргүзүү системасы менен жашап, доллар дүйнөлүк валютага айланганын айтсак болот. Жаңы тартиптин негизинде Америка эли дүйнөлүк тартипти башкарат жана ал милдет америкалыктарга Кудай тарабынан берилген ыйык милдет катары кабыл алынып келген. Ошондон тарта америкалыктар “Биз дүйнөгө демократия аркылуу  адам укуктарын алып келебиз, таратабыз” деген түшүнүктө жашап келет.

COVID 19 жана жаңы дүйнөлүк тартип

Жаңы дүйнөлүк тартип – коомдук өнүгүүнүн концепциясы. Бүгүнкү күндө пандемиянын негизинде жаңы дүйнөлүк тартиптер пайда боло баштады. Бул – АКШ пандемия убагында өзүнүн позициясын кармап кала алган жок дегендикке жатат, б.а., АКШ либералдуу демократиялык позициясын алдырып ийди. Ошол себептүү, жакында  дүйнөлүк саясатта, эл аралык мамилелерде жана дагы дүйнөлүк укук коргоо ченемдеринде чоң өзгөрүүлөрдүн болору күтүлүүдө.

Пандемиянын биринчи сигналы жана Грета Тунберг

2019-жылы 23-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын климаттык өзгөрүүлөргө багытталган бир күндүк саммити өткөн. Саммитте  16 жаштагы  швециялык Грета Тунберг БУУнун трибунасында климаттык өзгөрүүлөрдөгү көйгөйлөр тууралуу эмоционалдуу сөз сүйлөп, таасирдүү өспүрүм катары дүйнөгө таанылган. Гретта өз сөзүндө, бийликтегилерди акча жана экономикалык өсүү гана кызыктырарын, а дүйнөдө адамдар өлүп, экосистема кыйрап жатканын айткан болчу.

Дүйнө жүзү 7,5 миллиард адамды көтөрө албай баратат, адамдар чектен чыгып баратат. Ошол үчүн дагы экология өзүн-өзү тазалай алуусу үчүн, коргой алуусу үчүн пандемия сыяктуу оорулар пайда болуп, адамзат саны кыскарышы керекпи?

Буга жооп катары, бүгүн пандемия аркылуу экология өзүн-өзү тазалаганын көрүп турабыз.

Пандемиядан кийин адамзаттын көз карашы 2 түргө бөлүнөт.

-Улутчулдар радикалдашып, улутчулдугу күчөйт. Айрым мамлекеттер өзүнүн чек арасын жаап, өз алдынча жашоого умтулат.

Глобалдык биримдик күчөйт. Дүйнөнү бир айыл катары караган жарандар пайда болуп, глобалдык баалуулуктарды колдой баштайт.

Бүгүн ар бир өлкөнүн алдында ошол эки жолдун бирин тандоо турат: же өтө эле гумандуу болуп глобалдашабыз, же тескерисинче, өзүнчө саясат жүргүзүп, дүйнөгө ачылган эшиктерди жабабыз.

Жаңы коомдо чоң айырмачылыктар пайда болот.

Технологияны колдоно албаган, интернетти кууп жете албаган, дүйнөдө болуп жаткан тенденцияларды түшүнүп кабыл ала албаган  коомдор такыр эле артта калары болжолдонууда. М: Кайсы бир мамлекеттер интернет жыштыктарды сата албаган учурда, Америкада 1 эле ишкер 30 спутнигин космоско учурду.

Кедей, санариптешүүнү ишке ашыра албаган мамлекеттер ылдыйды, ал эми өнүккөн мамлекеттер өйдөнү карап кетүүсү күтүлүүдө.

Тамактануу маселеси, адамзаттын азыктануу маселеси өзгөрөт.

Чек аралардын жабылуусу мамлекет менен мамлекеттин, эки облус, эки айыл ортосундагы байланышты токтотот.  Бул жерде ар бир мамлекет өзүнө өзү суроо бериши керек. Дүйнө белгилеген 18 ай карантинге  туруштук бере алабызбы? Пандемиянын 2-толкуну же 3-толкуну келип калса, даяр мамлекет катары жарандарды тамак-аш менен камсыз кыла алабызбы?

Адамзатта диний баалуулуктар менен жаңы илимдерге ишенгендердин ортосунда эки бөлүк пайда болот.

Адамдар кайсы дин болбосун, пандемияны сыноо катары кабыл алып, өзүнүн Кудай менен болгон жакындыгын күчөтөт. Туура жолго умтулат.

Илимге көбүрөөк басым жасай баштайт. Дүйнөдө илимий ачылыштар көбөйөт. Пандемиянын натыйжасында, дүйнөдө илимдин орду чоң экенин түшүнгөн адамдар көбөйөт.

Дүйнөлүк экономика жана дооматтар:

—  Дүйнө элинин Кытайга доомат кылуусу күтүлүүдө. Айрым өлкөлөр Кытайды сотко берип, компенсация талап кылышса, айрымдары Кытай менен мамиле кылууда кооптоно баштайт.

—  Мамлекет менен ишкерлердин ортосунда доомат пайда болот. Ишкерлер кризис үчүн убагында маселени чече албаган өкмөткө нааразы болот.

—  Ишкана менен жумушчулардын ортосунда дооматтын курчушу. Жумушчулар өзүнүн укугу тебеленгенин, жумуш орундун кыскарышына же айлык маянанын азайышына нааразы болушат.

—  Бизнес менен бизнестин ортосунда маселелер күчөйт. Мисалы, ижара берүүчүлөр менен ишкананын маселеси. Ишкана жумуш токтогонун айтып даттанса, ижара ээси ижара акысын алууну талап кылат.

—  Дүйнө жүзүндө дижитал, санариптешкен көзөмөл күчөйт. Ар бир адам контроль системасы аркылуу коопсуздук мекемесинин карамагында турат. Бул контролдун киргизилишинде демократиялык укуктардын корголбой калуу ыктымалдуулугу бар.

—  Дүйнөлүк акча системасындагы өзгөрүүлөр. Мурда БреттонВудс акча жүргүзүү системасы иштеп келсе, мындан ары Биткоин сыяктуу виртуалдуу акча бирдиктери иштейт деген божомолдор бар. Бул аркылуу адамдардын каражатты кайсыл жакка колдонорун билсе болот.

—  Экономикалык кризисте кээ бир тармактар өнүксө, кээ бир тармактар, тескерисинче, ылдый түшөт.  Бүгүн АКШ вирус менен күрөшүүгө 2 триллион бөлсө, дүйнөнүн калган бөлүгү 20 триллион доллар акча жоготот деген божомол бар.

Сооданын өсүүсү күтүлүүдө. Ишкерлер сооданын кайсы түрүнө инвестиция кылуусу керек?

  • Өсүмдүктөрдү консервациялоо;
  • Тамак-ашты узак мөөнөткө сактоо;
  • Электрондук соода жана тейлөө;
  • Технология;
  • Био-органика;
  • Генетика;
  • Биотехника сыяктуу тармактардын алдыга чыгуусу күтүлүүдө.

Фирмаларга сунуштар:

  • Эксперттер менен кеңешүү. Фирмалар бизнес-консультация сервистеринен пайдалануусу керек;
  • Долбоорлор жана донорлорго кошулуп иш жүргүзүү. Ишкерлер дүйнөдөгү мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга аракет кылуусу керек;
  • Кошумча гранттардан пайдалануу;
  • Финансылык транспаненттүүлүктү камсыз кылуу. Мындан ары дүйнө жашыруун, көмүскө бухгалтерия жүргүзүүнү кабыл албайт. Андыктан, ар бир фирма өзүнүн фирмасын көзөмөлгө алуусу керек;
  • Экинчи, үчүнчү толкун болсо, бизнес катары, мамлекет катары, ишкер же жаран катары даяр болуусу керек.

Билим берүү тармагында кандай өзгөрүүлөр болот

  • Билим берүүдөгү онлайндашуу. Дижитал, санариптешкен фундаменттерге таянган билим берүүлөр пайда болот;
  • Интердисциплинардык. Бир тармактуу эмес, бир канча тармактуу билимдерден бириккен тармактар күчөйт. М: биология эмес, биохимиялык билим алуу. Бул адистердин бир тармактуу эмес, бир канча тармактуу билим алуусуна жол ачат;
  • Альтернативалык университеттердин моделдери пайда болот. Мурдагыдай чоң-чоң имараттардагы билим берүү эмес, бутик-мектептер, чакан университеттерге талаптар пайда болот.

Кесип тандоодогу өзгөрүүлөр:

  • Карго (ыкчам жеткирүү) тармагындагы кызматкерлерге талап күчөйт;
  • Медицина тармагындагы кадрларга муктаждыктар жаралат.

Билим берүүдө теңдик жана теңдешсиздик пайда болот.

  • Теңдик. Онлайн окуулар, айылда туруп дүйнөлүк билимдерди онлайн окуу аркылуу алгандар өзгөрүүлөр менен тең кете алат;
  • Теңдешсиздик. Кайсыл мамлекеттин, айылдын, же адамдын интернети начар болсо, ал коом артта калат;
  • Чоң компаниялардын өздөрүнүн мектеби, университети пайда болушу мүмкүн;
  • Инновация, адам укуктары, санариптешүүгө маани берилет.

Кыргызстандагы эң жаш профессор, Борбордук Азия Регионалдык Институттун негиздөөчүсү Алмазбек Бейшеналиев менен ЖИА бизнес ассоциациясынын мүчөлөрүнүн ортосунда онлайн-жолугушуу өттү. Жогорудагы макала ошол жолугушууда айтылган маалыматтардын негизинде жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM