Биз менен байланышыңыз

5-июндан тарта Кыргызстанда бала бакчалардын иши жанданат

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 1485 | 0

5-июндан тарта Кыргызстандагы бала бакчалар ишке кирет. Бул тууралуу 29-майдагы брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Бул жерде өзгөчө тартип болот: ар бир бала бакча Саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарына ылайык тартипти сактоо менен иштөөгө даяр болушу керек. Берилген алгоритмдин негизинде иш уюштурулат, мэрия жана тиешелүү органдар текшерүү жүргүзүп, иштөөгө уруксат берет. Балдардын ден соолугу биринчи орунда болушу керек, — деди Боронов.

Copyright © 2017 Maral FM