Биз менен байланышыңыз

Моңголияда бир суткада 18 адамдан коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2020 | 309 | 0

Моңголияда акыркы сутка ичинде дагы 18 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда жугуштуу ооруларды иликтөө боюнча улуттук борбордун директору Д.Нямхуу билдирди.

Анын айтымында, 369 адамдан коронавируска карата анализ алынып, анын ичинен 351 адамдын анализи таза чыккан.

Белгилей кетсек, 29-майга карата өлкөдө вирус жуктургандардын саны 179 адамга жетти.

Copyright © 2017 Maral FM