Биз менен байланышыңыз

Монголия 5G интернетин биринчи жолу сынап көрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2021 | 610 | 0

Монголиядагы «E-Mongolia» системасын киргизгенден бери 800 миң колдонуучуну өзүнө тартты. Башкача айтканда, бул аркылуу жарандар 180ден ашык мамлекеттик кызматтарды алышат.

Байланыш жана маалыматтык технологиялар департаментинин директору Болор-Эрдэнэнин айтымында, моңгол өкмөтү экономикалык алдыңкы 6 тармактын арасына алгачкы жолу IT-техонологияны кошту.

«Санарип Nation демилгеси өкмөт тарабынан колдоого алынып, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, санариптик сабаттуулукту жогорулатуу, жарандардын технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана спутниктерди учуруу максатын көздөйт. Монгол өкмөтү биринчи 100 күндүн ичинде 592 кызматты E-Mongolia менен байланыштырууну пландап жатат «, — деди Болор-Эрдэнэ.

Монголияда быйыл телекоммуникация жана маалыматтык технологиялар секторунун 100 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу бир нече иштер пландаштырылган.

«100 жылдык мааракеге карата 5G тармагынын биринчи сыноосун июль айында өткөрөбүз. Ага 2023-жылга чейин кирүү пландалууда. Инвестиция абдан чоң. Операторлор 3G жана 4G тармактарындагы инвестицияларын кайтарып бере элек, бирок жакынкы арада кийинкиси пайда болот. Ошондуктан, биз акылга сыярлык жөнгө салуу саясатын жүргүзөбүз », — дейт ал.

Copyright © 2017 Maral FM