Биз менен байланышыңыз

Монголия апта аягында COVID-19 вакцинасынын I партиясын алат

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 672 | 0

Монголияга COVID-19 вакцинасынын биринчи партиясы ушул жуманын аягында келет. Бул тууралуу Мамлекеттик өзгөчө комиссиянын өкүлү Ц. Ганзори билдирди.

Ал COVAX программасы аркылуу вакцинаны киргизүү боюнча иш алып барып жатканын жана график пайда болгондо жарыялай турганын айтты.

Вакциналарды сактоочу жабдуулар толук даяр болду. Компаниялар иштеп чыккан дары өндүрүлгөндөн кийин тоңдурулат жана -70 ° Cтан ашпаган температурада сакталууга тийиш.

Индиянын да, Монголиянын да командалары 150гө жакын вакцинатор даярдаган.

Вакцинанын дозалары калктын 60%ын, же 2 миллионго жакын жаранды эмдөө үчүн коюлган. Вакцина келгенде алгач дарыгерлер, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, карылар жана өнөкөт оорусу бар адамдар эмделет.

Copyright © 2017 Maral FM