Биз менен байланышыңыз

Жакында Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылат

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 364 | 0

28-октябрда Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содномдун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Казакбаев элчи Ганхуяг Содномду Монголиянын Кыргызстандагы биринчи элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Монголиянын Кыргызстандагы элчилигине Башкы консулдукту кайра уюштуруу чечими үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле жакын арада Кыргызстандын Монголиядагы элчилигинин ачылышы тууралуу маалымат берди.

Тараптар кыргыз-монгол эки тараптуу кызматташуунун келечегин, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасоо жана түз авиакаттамдарды ачуунун маанилүүлүгү тууралуу пикир алышты.

Өз кезегинде Монголия элчиси министрге ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосунда кызматташуунун дээрлик бардык багыттары боюнча реалдуу натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Мындан тышкары, монгол тарап Монголиянын Улан-Батор шаарында Кыргызстандын элчилигин эртерээк ачууга үмүт артарын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM