Биз менен байланышыңыз

Нарындын оорукана башчыларынын айрымдарына сөгүш жарыяланып, айрымдары кызматынан алынды

Кыска кабар | 28 мая 2020 | 767 | 0

Нарын облусундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору — саламаттыкты сактоо боюнча облустун координатору Муратбек Алияскаровго сөгүш жарыяланып, андан саламаттыкты сактоо боюнча облустун координаторунун функционалдык милдеттерин аткаруу алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы бидирди.

Маалыматка ылайык Нарын облустук бириккен ооруканасынын директору Айбек Койчуманов да кызматынан бошотулган.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун милдетин аткаруучусу болуп Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын клиникалык-диагностикалык иштер боюнча башкы дарыгеринин орун басары Бакыт Тологонов убактылуу дайындалды.

Ал эми эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууну, көзөмөлдөөнү күчөтүү жана облустагы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча дарылоочу-алдын алуучу уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Нарын облусуна иш сапары менен жиберилген Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматовага 2020-жылдын 28-майынан тарта атайын буйрук чыкканга чейин саламаттык сактоо боюнча облустун координаторунун милдеттерин аткаруу ыйгарылды.

Нарын облусундагы коронавирустун жайылып кетишине байланыштуу облус жетекчилигине, саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилерине сөгүш жарыяланган болчу. Республикалык ыкчам облустук оорукананын башчысын кызматтан четтетүүнү сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM