Биз менен байланышыңыз

Жай өзгөчө ысык болобу? 1-июнга чейин күтүлгөн аба ырайы

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 2893 | 0
Автор: Зефер Динжер

Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм быйыл жай өзгөчө ысык болорун, коронавирустун жайылышы менен кишилердин ден соолугуна олуттуу кесепетин тийгизиши ыктымал экенин эскертүүдө.

AFP агенттиги белгилегендей, аптап учурунда кондиционерден чыккан аба коронавирус эпидемиясы учурундагы санитардык сунуштарга карама-каршы келет.

БМУнун расмий өкүлү Клэр Нуллис 26-майда Женевада өткөн маалымат жыйынында быйыл метеобайкоо тарыхындагы эң ысык жыл болорун айтты. Анын билдиришинче, көпчүлүк үчүн COVID-19 санитардык тобокелчиликтерди күчөтөт.

Май айынын ортосунда БМУ ушул жылдын жай мезгилинде аба ырайында адаттан тыш өзгөрүүлөр – тропикалык кеңдиктеги океандардын үстүндө жогорку температура жана Түштүк Америка менен Индостан жарым аралында жаан-чачын болорун эскерткен.

Ал эми Кыргызстанда 28-31-майларда жана 1-июнда кандай аба ырайы күтүлөт десеңиз, анда төмөндөгү аба ырайы тууралуу маалымат сиз үчүн.

28-31-майларда  жана 1-июнда Чүй, Талас облустарында

28-майда жана 29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

29-майда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-майда жана 1-июнда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

28-31-майларда  жана 1-июнда Бишкек шаарында

28-31-майларда жана 1-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

28-31-майларда  жана 1-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 

28-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда  жаан-чачын күтүлбөйт.

29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

30-майда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

31-майда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Өрөөндөрдө  жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

28-31-майларда  жана 1-июнда Ысык-Көл облусунда

28-майда  жана 29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

29-майда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

31-майда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт, 28-30-майларда кээ бир райондордо 15-20  метрге жетиши күтүлөт.

28-31-майларда  жана 1-июнда Каракол  жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы

28-31-майларда жана 1-июнда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

28-31-майларда  жана 1-июнда Нарын облусунда 

28-майда жана 29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

29-майда күндүз жана 30-31-майларда  кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт, 28-30-майларда кээ бир райондордо 15-20  метрге жетиши күтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM