Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3333кө жетти

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 446 | 0

Бүгүн, 27-майда саат 10:00гө карата Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 3333 (+43 жаңы учур) адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалымат боюнча, жаңы учурлардын ичинен 31 адам Навои облусунда, 6 адам Ташкент облусунда, 4 адам Ташкент шаарында жана 2 адам Наманган облусунда катталды. Алардын баары буга чейин коронавирус жуктурган бейтаптар менен байланышта болуп, карантинге алынган.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда 2636 адам коронавирустан айыгып, 683 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 4 адамдын абалы оор.

Copyright © 2017 Maral FM