Биз менен байланышыңыз

Монголия: Сутка ичинде 7 адамдан коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2020 | 385 | 0

26-майда Монголиянын үч лабораториясында 248 адам коронавируска текшерилген. Алардын ичинен 7 адамда коронавирус табылган. Бул тууралуу  Илимий-техникалык изилдөө илимий борборунун директору Д.Нямхуу билдирди.

Вируска чалдыккан 7 кишинин алтоо 26-майда Москва — Улан-Батор рейси менен учуп келген студенттер. Алар Улуттук жугуштуу ооруларды изилдөө борборунун изоляторунда болушкан. Алардын бири 13-майда Орусиядан келген аскердик окуу жайдын курсанты.

Бүгүнкү күндө коронавирус менен ооруган 6 адам айыгып, дарылоонун кийинки баскычына өтүштү.

Ошентип, Монголияда жалпысынан 43 бейтап коронавирустан айыгып, 148 инфекциянын тастыкталган учурлары бар.

Copyright © 2017 Maral FM