Биз менен байланышыңыз

Япония: Кыргызстандыктар өлкөгө кире албайт

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2020 | 446 | 0

Япон өкмөтү 11 өлкөнүн жарандарына коронавирус пандемиясынан улам өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ билдирди.

Чектөөлөр бүгүн, 27-майдан тартып күчүнө кирет.

Кыргызстан, Тажикстан, Индия, Афганистан, Пакистан, Бангладеш, Аргентина, Сальвадор, Гана, Түштүк Африка Республикасы жана Гвинеянын жарандарына Японияга кирүүгө тыюу салынды. Аталган мамлекеттер Япониянын Тышкы иштер министрлиги жарыялаган «тыюу салынган мамлекеттер жана аймактар» тизмесине киргизилген (бардыгы 188).

Өткөн аптада япон өкмөтү жогоруда саналып өткөн 11 мамлекет үчүн «саякаттоонун коркунуч» деңгээлин 3-даражага көтөргөн. Ошондой эле бул мамлекеттерге сапарлардан толук баш тартууга чакырган.

Жалпысынан, коркунуч масштабы 4 деңгээлден турат. Биринчиси — эң жумшак, төртүнчүсү — адамдарды эвакуациялоону сунуштайт.

Copyright © 2017 Maral FM