Биз менен байланышыңыз

Синдзо Абэ: Коронавирусту жеңүүнү далилдеш  үчүн Олимпиада оюндары өтүшү керек

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 385 | 0

Япониянын Премьер-министри Синдзо Абе дүйнөлүк негизги экономикаларды бириктирип турган “чоң жетилик” тобуна кирген өлкөлөрдүн жетекчилерин Токиодо өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарынын өтүшүнө колдоо көрсөтүүсүн суранды.

Бул тууралуу Синдзо Абэ Reuters маалымат агенттигине билдирген.

-Биз Оюндардын өтүшү үчүн колдон келген бардык мүмкүнчүлүгүбүздү жумшап жатабыз. Ошону менен катар дүйнөдөгү адамзат Олимп оюндарын өткөрүү аркылуу жаңы коронавирусту жеңе ала тургандыгын далилдеш керек. Биз Олимпиадада толук кандуу мелдештердин өтүшүн каалайбыз, деди япон премьери. Ушундан соң G7 өлкөлөрүнүн лидерлери видео конференция өткөрүшкөн.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндары 24-июлдан 9-августка чейин өтүш керек.

Copyright © 2017 Maral FM