Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Абэ кыргыз-япон кызматташтыгын талкуулады

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 604 | 0

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен Токио шаарында жолугушту. Бул Жээнбековдун Япония Өкмөтүнүн башчысы менен алгачкы жолугушуусу болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Анда кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. Синдзо Абэ Парламенттер ортосундагы мамилелер, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу тармактарында Кыргызстан менен өнүгүп жаткан байланыштарды канааттануу менен баса белгиледи. Ал Япония жана Кыргызстан адамдын укуктарын коргоо боюнча жалпы баалуулуктарды карманып, парламенттик демократиянын өнүгүүсүн колдошконун белгиледи.

Синдзо Абэ Япон Өкмөтү көптөгөн багыттар боюнча, анын ичинде жогорку сапаттуу технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков кичи жана орто ишкердиктеги чоң потенциалды белгилеп, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдарлыгын айтты. Ал япон компанияларынын Кыргызстанда бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга жогорулап бара жаткан кызыгуусун баса белгилеп, Абэнин көңүлүн Кыргызстандын гидроэнергетикалык чоң потенциалына бурду.

“Бизде кичи гидроэлектростанцияларды курууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Энергетика тармагында кызматташууну өнүктүрүү максатында жакынкы убакта Японияга тиешелүү делегацияны жөнөтүүгө даярбыз”, — деди өлкө башчысы.

Ал Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү жана ВСП+ статусу бар өлкө катары экспорттук потенциалга ээ экенин, ички инфраструктурасын жакшыртууга, өзгөчө фитосанитардык лабораторияларды курууга муктаждыгы бардыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Синдзо Абэни ага ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM