Биз менен байланышыңыз

Президенттин Японияга жасаган иш сапарынан сүрөттөр

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 633 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 21-23-октябрда иш сапары менен Японияда болду. Ал Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. Бул иш-чарага дүйнөнүн 195 өлкөсүнөн мамлекет башчылары, келген.

Сапардын алкагында Жээнбеков Япония премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушуп, кыргыз-япон кызматташтыгынын келечеги талкууланды.

Ошондой эле мамлекет башчы Япониянын парламентарийлери менен жолугушту. Мындан сырткары, «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын баш кеңсесине, «Toshiba Energy Systems and Solutions» ишканасынын заводуна жана Токио шаарындагы «Ротобо» япон бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушту.

Инвестициялык кызматташуунун келечеги, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүндөгү мамилелерди кеңейтүү чаралары талкууланды.

Жээнбеков ошондой эле Японияда жашап жаткан мекендештер менен жолугушту. Бүгүн, 24-октябрда Кыргызстанга кайтып келди.

Copyright © 2017 Maral FM