Биз менен байланышыңыз

26-майга карата коронавирустун жайылуусу боюнча алдыңкы он өлкө (тизме)

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2020 | 720 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 5,3 миллион кишиден ашып, 342 миңден ашуун адам көз жумган. Ал эми Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына караганда, дүйнөдө дээрлик 5 млн 497 миӊ 532 адам илдетке чалдыгып, 346,2 миңден ашык адам көз жумган.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ лидер болуп саналат, анда 1,66 миллиондон ашуун адамга жуккандыгы аныкталган. Экинчи орунда Бразилия (374 миң), үчүнчү — Орусия (353 миң), төртүнчү — Улуу Британия (262,5 миң), бешинчи- Испания (235 миң).

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму гидроксихлорохинди коронавируска каршы дары катары тестирлөөнү токтоткон, анткени бул препараттан улам өлүмгө учуроо коркунучу жогорулаган.

Коронавирустун жайылуусу боюнча алдыңкы он өлкө:

АКШ – 1 662 768 (каза тапкандар – 98 223);

Бразилия – 374 898 (каза тапкандар – 23 473);

Россия – 353 427 (каза тапкандар – 3 633);

Улуу Британия – 262 547 (каза тапкандар – 36 996);

Испания – 235 400 (каза тапкандар – 26 834);

Италия – 230 158 (каза тапкандар – 32 877);

Франция – 183 067 (каза тапкандар – 28 460);

Германия – 180 600 (каза тапкандар – 8 309);

Түркия – 157 814 (каза тапкандар – 4 369);

Индия – 145 456 (каза тапкандар – 4 172).

Copyright © 2017 Maral FM