Биз менен байланышыңыз

Монголдор беткап сатуучу автоматтарды ойлоп табышты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2020 | 845 | 0

Монголиялык ишкерлер медициналык маскаларды сатуучу автоматтарды, башкача айтканда, «масокматты» ойлоп табышты.

Бул машина беткаптарды сатуу үчүн иштелип чыккан, ал суусундуктарды, шоколоддарды сатуучу автоматтар сыяктуу иштейт. Сатып алуучулар накталай акчанын жана смартфондун QR кодунун жардамы менен беткап сатып алса болот.

Бул — колдонууга даяр болгон биринчи модель. Кийинки үлгүлөр кардарлардын көрсөтмөсүнө ылайык формасын же өлчөмүнүн өзгөртүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, сатып алуучу масканы бирден же дүңүнөн сатып ала алат.

Copyright © 2017 Maral FM