Биз менен байланышыңыз

Германия Европанын эң ири авиакомпаниясына жардам берет

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2020 | 547 | 0

Германия өкмөтү коронавирус пандемиясынан улам оор абалда турган Lufthansa авиакомпаниясына жардам берүүнү чечти. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Компанияга көрсөтүлгөн жардамдын шарттары боюнча, Германия  Lufthansa компаниясынын кошумча акцияларын Экономикалык турукташтыруу фонду аркылуу сатып алат жана анын капиталындагы 20% үлүшкө ээ болот.

Акциялар 2,56 еврого сатылып алынат. Ал үчүн мамлекет жалпысынан 300 миллион евро төлөйт.

Германиянын өкмөтү Lufthansaга жардам берүү үчүн жалпысынан 9 миллиард евро бөлүп жатат. Бирок компаниянын капиталдаштыруусу 4 миллиард евродон ашат. Бул суммадан мамлекет авиакомпанияга добуш бербеген капитал катары 5,7 миллиард евро бөлөт.

Компания 2020-2021-жылдары фондго 4% үстөк төлөп, акырындык менен аны 2027-жылга чейин 9,5% көбөйтүүгө туура келет. Эгерде компания компенсация төлөй албаса, анын капиталындагы фонддун үлүшү 5 пайызга чейин (2024-жылдан кийин), андан кийин дагы 5 пайыз (2026-жылдан кийин) көбөйүшү мүмкүн.

Эгерде Lufthansa бөлүнгөн бардык каражаттарды фондго кайтарып бере алса, анда фонд өзүнүн акцияларын 2023-жылдын 31-декабрынан кечиктирбестен рыноктук баа боюнча сатууга милдеттенет.

Компания Kreditanstalt für Wiederaufbau банкы жана башка банктардан үч жылдык насыя катары 3 млрд евро алат.

Мамлекет Lufthansa’ны колдой тургандыгы тууралуу кабарлар чыккандан кийин авиакомпаниянын акциялары 7,6 пайызга, 8,64 еврого чейин өстү.

Lufthansa Европанын эң ири авиакомпаниясы. Ал 1926-жылы негизделген. 1994-жылга чейин ал мамлекеттик авиакомпания болгон жана 1997-жылы ал толугу менен инвесторлорго өткөрүлүп берилген. Компаниянын инвесторлорунун катарына Deutsche Postbank жана Deutsche Bank кирет.

Copyright © 2017 Maral FM