Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө вируска чалдыккандар 5,4 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 мая 2020 | 350 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 5,2 миллион адамдан ашып, 337 миңден ашуун адам каза тапкан.  Ал эми Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына ылайык дүйнөдө 5,4 миллиондон ашык адам илдетке чалдыгып, алардын ичинен 345 миңден ашыгы көз жумган.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ лидер болуп саналат, анда 1,64 миллиондон ашуун адамдын коронавирус жуктурганы аныкталган. Экинчи орунда Бразилия — (363 миң), үчүнчү — Орусия(353 миң), төртүнчү — Улуу Британия (260,9 миң), бешинчи — Испания(235 миң).

Эки айлык карантинден кийин Киевде метро ачылды, метро менен бара жатканда жүргүнчүлөр коргоочу бет кап кийип, социалдык аралыкты сакташы керек.

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүү үчүн бир жылдык айлыгын которду.

Ошондой эле Америка Кошмо Штаттары акыркы эки жумада Бразилияга барган чет өлкөлүктөргө өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Себеби, Бразилия учурда дүйнөдөгү эпидемиянын борборуна айланууда.

Copyright © 2017 Maral FM