Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан менен четкеш аймакта жер титирөө катталды

Кыска кабар | 25 мая 2020 | 424 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 24-майда саат 18:46да Кыргызстан менен Өзбекстандын четкешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жар-Кыштак, Сузак айылдарында 3 балл жана Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM