Биз менен байланышыңыз

Бүгүндөн баштап Бишкекте коомдук транспорт жүрө баштайт

Кыска кабар | 25 мая 2020 | 647 | 0

Бүгүн, 25-майдан тартып Бишкек шаарында коомдук транспорт жүрө баштайт, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жазылган санитардык эрежелер бекем сакталышы шарт. Буга чейин айтылгандай, линияга чыгуудан мурда транспорт каражаттары дезинфекцияланат.

Бардык металл жана пластик беттердин тазаланышы шарт. Транспорттун ичинде жүргүнчүлөрдүн саны, орундуктардын саны менен чектелүүсү керек. Бардык жарандар милдетүү түрдө бепткап тагынышы зарыл.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында беткап, дезинфекциялоо, коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны – бул катуу көзөмөлгө жана байкоого алынуучу милдеттүү талаптар экендигин айткан.

Азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттабайт.

25-майдан тарта төмөнкү ишканалар ишмердүүлүгүн жандантат:

  • Кийим-кече сатуучу базарлар;
  • 50 орундан ашпаган коомдук тамактануу түйүндөрү, жайкы кафелер жана ресторандар (коноктор менен үстөлдөрдүн ортосундагы 1,5-2 м аралыкты так сактоо менен), соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан фуд-кортторду кошпогондо;
  • Театрлардын, музейлердин, көргөзмө залдарынын жана галереялардын, китепкана жана маданий-агартуучу жайлардын ишмердүүлүгү;
  • Коомдук транспорт: автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар.

Copyright © 2017 Maral FM